06
Октябрь
2017
Премьер-министр Сапар Исаков Кайырбүбү Нуралиеванын үй-бүлөсүнөн кабар алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков көп балалуу Кайырбүбү Нуралиеванын үй-бүлөсүнө барды. Анын уулу Дуулатбек улуу Эламан бала чагынан бери көзү азиз.
Кайырбүбү Нуралиеванын жети баласы бар. Үй-бүлө социалдык колдоого муктаж.
Премьер-министр алардын үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөттү.
Ошондой эле Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Эламандын ден-соолугуна карата аны медициналык дарылоодон өткөрүүнү тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү