06

Октябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков Нуриза Кичинебатырованын үй-бүлөсүнөн кабар алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 6-октябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында социалдык колдоого муктаж болгон Нуриза Кичинебатырованын үйүнө баш бакты.

Нуриза Кичинебатырова жолдошу каза болуп, беш баласын жалгыз тарбиялап, багып келе жатат. Алардын болгон үй-бүлөлүк кирешеси жөлөк пул болсо, ал каражат беш баланы бакканга жетпейт.

Өкмөт башчы үй-бүлөгө колдоо сөзүн айтып, аларга Кочкор районунун базарынан сатып алган азык-түлүктөрүн берип, материалдык колдоо көрсөттү. Мындан сырткары жергиликтүү бийликке Нуриза Кичинебатырованын үй-бүлөсүндөгү социалдык көйгөйүн чечүүнү тапшырды.

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөт тарабынан да бул багытта тиешелүү иштер жүрөөрүн билдирди.

[su_carousel source="media: 104813,104814,104815,104816,104817,104818,104819,104820,104821,104822,104823" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү