13

Октябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков: Дарыгерлердин компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу керек

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы жумуш сапарында Ысык-Көл облусундагы бириккен облустук ооруканасына барганда билдирди.

Сапар Исаков «Таза Коом» Программасынын алкагында медицина тармагына өзгөчө көңүл буруларын, анын ичинде медицинаны санариптик форматка өткөрүү каралганын баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө аталган ооруканада электрондук саламаттыкты сактоо киргизилип, бардык документтер жана бейтаптардын жеке барактары электрондук форматта сакталат. Мындан сырткары ооруканадагы бардык дары-дармектер электрондук базага киргизилген.

Өкмөт башчысына электрондук базадагы бейтаптардын ооругандыгы тууралуу баракчасын толтуруу жана башка иштеп жаткан программалар иш жүзүндө көрсөтүлдү.

Ысык-Көл облустук ооруканасынын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин маалыматында ар бир медициналык бөлүмдө тиешелүү компьютердик техника иштеп, анын иши автоматтык түрдө көрсөтүлүп турат. Анын айтымында бул медициналык жардамдын эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Сапар Исаков белгилегендей республиканын бардык медициналык мекемелерин бириктирген борборлоштурулган медициналык система түзүлөрү пландалууда. Бул долбоорду ишке ашыруу менен ата мекендик медицина тармагын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө болот.

Медицина кызматерлери менен жолугушуу учурунда Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жүрөк кан-тамыр  ооруларын жана онкологиялык илдеттерди азайтууга карата пландары тууралуу кеңири маалымат берди.

Аны менен бирге Премьер-министр Сапар Исаков медицина тармагына санариптик технологияны киргизүүнүн жана медициналык кызматкерлердин бул багытта маалыматты көбүрөөк билүүсүн камсыз кылуу керектигин баса белгиледи.

 [su_carousel source="media: 105205,105206,105207,105208" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү