17
Апрель
Премьер-министр Сапар Исаков «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруудагы негизги жерлерин белгилеп кетти
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 17 апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып, «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруудагы негизги жерлерин белгилеп кетти.
Өкмөт башчы «Таза Коом» санариптик трансформациясы санарип жолу менен калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды, жарандар менен мамлекеттин ортосундагы кызматташууда коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартарын белгиледи.
Сапар Исаков «Таза коомдун» Программасын ишке ашыруу алкагында 2017-жылы чоң иштер аткарылганын атап кетти, алар: - электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн «Таза коом» порталы иштелип чыкты. Ал 24 кызмат көрсөтүүнү сапаттуу жана ыкчам түрдө алууга мүмкүндүк берет: паспорт алуу, туулгандыгы жана нике тууралуу күбөлүктөрдү алуу, кыймылсыз мүлктөр, транспорт каражаттары ж.б. боюнча документтерди алуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн региондорго 363 маалыматтык киоск орнотулду. 2018-жылдын апрель айына карата элге 160 миң мамлекеттик кызмат көрсөтүлдү. 2018-жылдын аягына чейин киосктордун саны 432ге чейин жетет; - калкты тейлөө борборлору (ЦОН) кайра форматталды, натыйжада документтерди кабыл алуу жана тариздөө мөөнөтү 40 минуттан 4 минутка чейин кыскартылды; - «Транспорт жана айдоочулук курамдын регистри» автоматташкан маалыматтык системасы ишке киргизилди. Мында транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматты онлайн режиминде алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү; - чек арада «E-gates» контролдоо автоматташкан системасы ишке берилди; - чет өлкөлүк жарандар үчүн электрондук виза иштеп баштады; - электрондук медициналык карталар түзүлдү; - «Гибриддик почта» пилоттук долбоору башталды. Мында коммуналдык эсеп кагаздары бир эсепке чогултулуп, ээсине жабык түрдө жеткирилет; - «Акылдуу шаар» долбоору боюнча жол кыймылы эрежелерин бузгандарды каттай турган камералар тесттик режимде ишке киргизилди.
[su_carousel source="media: 115303,115294,115295,115293" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү