24

Январь

2018

Премьер-министр Сапар Исаков «Veon» эл аралык телекоммуникациялык компаниянын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы санариптик трансформациялоо боюнча планды талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 24-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында «Veon» эл аралык телекоммуникациялык компаниянын аткаруучу директору Жан-Ив Шарлье баштаган компания жетекчилиги менен  жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда телекоммуникация тармагын өнүктүрүү, «Veon» компаниясынын өлкөдөгү санариптик трансформация процессине катышуу мүмкүндүгү маселеси жана «Таза Коом» улуттук долбоорун биргелешип ишке ашыруу келечектери талкууланды.

Өкмөт башчы бүгүнкү күндө өлкөдө чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн, анткени инвесторлордун иши кошумча жумушчу орундарын түзүүгө жана өлкө экономикасынын өнүгүүсүн стимулдаштырууга мүмкүндүк берээрин баса белгиледи.

Ошондой эле Премьер-министрдин айтымында, өлкөдө чет элдик инвестициялардын катышуусунда бир катар улуттук долбоорлор, анын ичинде реформалоонун ар кыл багыттары боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Буга катар Сапар Исаков мамлекеттик башкарууну реформалоо, жеке секторду жана демократиялык өзгөрүүлөрдү өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пландары тууралуу айтып берди.

«Veon» эл аралык телекоммуникациялык компаниянын аткаруучу директору Жан-Ив Шарлье өлкөдө санариптик экономиканы киргизүүгө, «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашырууга жана калктын интернет-байланышка жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө активдүү катышууга даярдыгын билдирди. Анын айтымында, «Veon» компаниясы Кыргыз Республикасынын ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөгү болуп саналат.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар компаниянын жакынкы мезгилге карата инвестициялык пландарын, ошондой эле өлкөнү санариптик трансформациялоодогу анын ордун талкуулады.

[su_carousel source="media: 110944,110945" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү