01

Декабрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) 16-жыйынына катышуу алкагында КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту.

Өкмөт башчы Ли Кэцянды Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий партиясынын Туруктуу комитетинин мүчөсү болуп кайрадан шайланышы жана Кытайдын коммунистти партиясынын 19-сьездинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

«Кытай Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөгү болуп саналат, ал өлкө үчүн кыйын кырдаалда ар дайым жандап турат. Биз эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү жана чыңдоо иретинде аны ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр Кытай Өкмөтүнө көрсөтүлүп жаткан колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз тарап Кытай Элдик Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Жибек Жолу Экономикалык алкагын түзүү жөнүндө демилгесин колдоого алат жана аталган демилге алкагында тараптар ортосундагы кызматташтыкты ыкчамдатууга жана кеңейтүүгө ниетенет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кытай капиталынын катышуусунда транспорт, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда бир катар долбоорлор ишке ашырылууда», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибинде талкууга муктаж, алсак, «КЭР-КР-ӨР» темир жолун куруу долбоору боюнча маселе бар.

Тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн бекем саясий эрк бардыгын белгилеп, анын техникалык жана экономикалык аспектилерин үч тараптуу жумушчу топ деңгээлинде иштеп чыгууну макулдашты.

«Тараптардын темир жолду тез арада курууга тийиштүү позициялары дал келгендиги кубандырат. Сиздерге белгилүү болгондой, өзбек тарап дагы аталган долбордун ишке ашырылышын колдоого алат, ошондой эле ага катышууга жана өз аймагы боюнча эркин транзитке кепилдик берүүгө даяр», - деп кошумчалады Сапар Исаков.

Мындан тышкары, Кыргызстан Ысык-Көлдөгү айланма жолду каржылоо маселесинде кытай тараптын колдоосуна ишенет. Сапар Исаков ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жүгүртүүнү өстүрүү максатында Кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы Кыргызстан жарандары жана жүк ташуучулары үчүн кытай визасын алуу маселесине басым жасады.

«Жарандардын өз ара катташуусу эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү катары саналгандыгын эске алуу менен кытай тараптан Кыргызстан жарандары үчүн виза берүү процедурасын жеңилдетүү мүмкүндүгүн карап чыгууну өтүнөбүз», - деди Сапар Исаков.

Өз кезегинде КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян белгилегендей, Кытай жана Кыргызстан тең укуктуу өнөк жана жакын коңшулардан болуп саналат. Кытай Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарды, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын  коргоо боюнча аракеттерин колдоого даяр.

«Кытай мындан ары да эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жүгүртүүнү өстүрүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба жаатындагы, атап айтканда, айыл чарба продукциясын КЭРге жана үчүнчү өлкөлөргө импорттоо көлөмүн жогорулатууга жагымдуу шарттарды түзүүнү жана колдоого алууну улантат», - деди Ли Кэцян.

Ошондой эле ал кытай тарап «КЭР-КР-ӨР» темир жолун курууга кызыкдарлыгын билдирди.

Кыргызстан жарандарынын кытай визасын алуу процедурасын жеңилдетүүгө тийиштүү маселеси боюнча КЭР Мамкеңешинин премьери аталган маселе боюнча   эки өлкө ТИМдеринин деңгээлинде консультацияларды өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Соңунда КЭР Премьери Ли Кэцян кошумчалагандай, Сапар Исаков тарабынан айтылган Ысык-Көл айланма жолун куруу жана кыргыз -кытай инвестициялык фондун түзүү боюнча маселелер кытай тарап аркылуу тыкыр иликтенип чыгат.

[su_carousel source="media: 107947,107948,107949" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү