21
Сентябрь
Премьер-министр Сапар Исаков Д.Зилалиевге эскертүү берип шайлоо боюнча Штабдын төрагасынын милдетин Темир Жумакадыровго жүктөдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасынын милдеттерин вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөөнү тапшырды.
Премьер-министрдин мындай чечими Дүйшөнбек Зилалиевдин талапкерлердин бирине өзүнүн жеке артык көрүүсүн жарыялоосуна баланыштуу болду.
Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле Штабдын мүчөлөрүнө шайлоо тизмелеринин сапаттуу даярдалышына, шайлоо тилекелеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылууга жана жарандардын эркин шайлоосуна шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.
[su_carousel source="media: 103792,103793,103794" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү