07
Сентябрь
Премьер-министр Сапар Исаков: Мамлекеттик сектордогу ачыктуулук жана жоопкерчил – «Жаны доорго – кырк кадам» программасындагы ийгиликке жетүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат
Мамлекеттик сектордогу ачыктуулук жана жоопкерчил – «Жаны доорго – кырк кадам» программасындагы ийгиликке жетүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Өкмөт өлкөдөгү коррупцияны жоюу, мамлекеттик органдардын ишиндеги эффективдүүлүктү көтөрүү, коомчулук менен болгон байланышты жакшыртуу максатында «Ачык Өкмөт» (Open Government Partnership – OGP), эл аралык демилгесине кошулууга даярданууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча министрликтер менен ведомстволордун катышуусунда өткөн жыйында билдирди.
«Биз булардын баарын мыйзам чегинде ишке ашырып, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттырынын сындарына жооп беришибиз керек. Мамлекеттик органдардын жетекчилери ЖМК ачык жана жеткиликтүү болушу зарыл. Ал үчүн ар бир министрликтер жана ведомстволор менен тыгыз иш алып барабыз», - деди ал.
«Ишке ашып жаткан «Таза коом» улуттук программасынын алкагында маалымат базасын ачып, коомчулук Өкмөттүн кандай аткарып жаткан иштерин жана кабыл алып жаткан чечимдерин көрүп, түшүнүшү керек. Биз бардык материалдарды болушунча санариптештирип, санариптик Өкмөт болушубуз зарыл»,-деди Премьер-министр.
«Бул багыттагы иштерди биз Дүйнөлүк банк менен бирге талкууладык. Азыр биз «Санариптик Борбор Азия жана Түштүк Азия» биргелешкен долбоору боюнча гранттык макулдашууну даярдап жатабыз. Мен ишенем, аталган долбоор Өкмөттүк ачыктуулугун чагылдырууда ЖМК жана жарандык коом үчүн толук маалымат алууга жагымдуу шарт түзөт жана мамлекеттик органдардын потенциалын көтөрөт»,-деди Сапар Исаков.
Премьер-министр өлкөнүн жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын ишке ашуусу жана жарандардын турмушун жакшыртууга кошо турган салымы тууралуу кеңири маалымат берүү зарылдыгын өзгө белгиледи.
«Өкмөттүн атына сындар айтылганда биз аларды кабыл алып, убагында жооп беришибиз керек. Ошондой эле бул багытта Өкмөттүн көз карашын коомчулукка туура жеткирип туруу кажет», - дед кошумчалады Сапар Исаков.
Өкмөт башчы белгилегендей, Өкмөттүн Аппаратында министрликтер менен ведомстволордон кызматтык командировка менен келип иштеген кызматкерлерден турган, тийешелүү бөлүм түзүлүп, алар коомчулук менен байланышты өнүктүрүп, колдоо багытында иш алып барат.
Өкмөт башчы Сапар Исаков Өкмөт мүчөлөрүн санариптик трансформациялар боюнча тапшырмаларды аткарууга даяр болууга чакырып, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерин Байланыш жана маалыматтык технология жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге тиешелүү иштерди баштоону тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү