30

Сентябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков «Сколково» инновациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-сентябрда, Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында «Сколково» инновациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өкмөт башчы «Сколково» боборундагы жамааттык колдонуу, илимий лабораторияларды жана борбордун баштапкы тарабын көрүп чыкты.

Мындан сырткары Премьер-министр жалпы жана мектепке чейинки билим берүүчү «Сколково» эл аралык гимназиясына да барды.

Анда Өкмөт башчысын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович  менен Байланыш жана массалык коммуникация министри Николай Никифоров коштоп жүрдү.

Ошондой эле эки өлкөнүн адистерин телекоммуникация жана алдыңкы инновацияларды иштеп чыгуу багытында тажрыйба алмашуусу тууралуу макулдашуу ишке ашты.

 [su_carousel source="media: 104353,104354,104355,104356,104357,104358,104359,104360,104361,104362,104363,104364,104365,104366,104367" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү