13
Октябрь
Премьер-министр Сапар Исаков Каракол шаарындагы Кыдыр-Аке көчөсүн оңдоо иштери менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы Кыдыр-Аке көчөсүн оңдоо иштери менен таанышты.
1,2 км болгон жолду оңдоого Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 54,5 млн. сом каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө жумуштун 40% аткарылып, жолду ишке берүү ушул жылдын ноябрь айына пландалууда.
Өкмөт башчы жолдун жасалышы боюнча аткарылган иштердин сапатына канаттанып, эми аягына чыгарууда анын сапатына жана мөөнөтүнө көңүл бурууну эскертти.
Андан соң, Сапар Исаков Түп районунун Түп айылындагы курулушу толук бүтө элек спорт залды көрүп чыкты.
Бул жерде курулуш иштери 2012-жылдын ноябрь айында башталган. Долбоор боюнча эки кабаттуу имарат курулуш керек болсо, убагында каржыланбагандыктан иш токтоп калган. Учурда объектин курулушу 40% аяктаган.
Премьер-министр Сапар Исаков тез арада спорт залдын курулуш ишин бүткөрүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 105366,105367,105368,105369,105370" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараттынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү