07

Апрель

2018

Премьер-министр Сапар Исаков «Балыкчы-Корумду» авто жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 7-апрелде,  Ысык-Көл облусундагы жумушчу сапарынын алкагында «Балыкчы-Корумду» жолунун Чырпыкты айылынын тилкесиндеги курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүнкү күндө жалпы 104 км жолдун  узундугуна 43 км асфальттын алдыңкы катмары, 35 км үстүнкү катмары төшөлгөндүгүн билдирди. Ошондой эле ал жерди жол курууга даярдоо иштери - 70%, курулуш шаймандарын тургузуу 70%га аяктап калгандыгын маалымдады. Андан тышкары 12 көпүрөнүн курулушу аягына чыкканын кошумчалады.

Өкмөт башчы «Лонг Хай» жалданма компаниясына  субподрядчы компаниялары ортосундагы бардык орун алган маселелерди жоюусун белгиледи. Андан тышкары Сапар Исаков жайкы туристтик мезгил учурунда эс алуучуларга ыңгайсыздыктарды  жаратпаган курулуш иштеринин деталдык графигин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Премьер-министр 2018-жылдын 1-июнуна чейин «Балыкчы-Корумду» авто жолунун 33-43,5 км чейинки жана 85-104 км чейинки аралыгын асфальт-бетон төшөө иштерин жыйынтыктоо тапшырмасын берди.

Андан кийин Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы канализациялык жана саркынды сууларды тазоолочу курулмаларын реабилитациялоо, куруу долбоору менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев ведомство тарабынан белгиленген региондун калктуу пунктарына ичүүчү сууну камсыздоо жана суу берүүнү өнүктүрүү боюнча схема иштелип чыкканын маалымдады. Ал белгилегендей, бул жумуштардын аткарылышы  облустун экологиялык  абалына жагымдуу таасирин берет.

Премьер-министр ыкчам түрдө даярдык иштерин бүтүрүп, аталган долбоорду ишке ашырууга киришүү тапшырмасын берди. Андан тышкары ал өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен кызматташтык боюнча чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Сапар Исаков Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге региондун айыл жергесиндеги таштанды топтолгон жерлерин корууну өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

[su_carousel source="media: 114712,114711,114710,114709,114708,114707,114706,114705" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү