13

Октябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы ички жолдордун курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл обласуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы ички жолдордун курулушу менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары Азимкан Жусубалиев ушул жылы үч көчөнү  асфальттоо каралганын билдирди. Аткарылган иштердин көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 230% жогорулаган, бардык аракеттер мурда бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт. Мындан тышкары, 2017-жылдын август айында Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолдорун реконструкциялоо чечими кабыл алынган, каржылоо иши "Капиталдык салымдар" беренесинин  алкагында ишке ашырылат.

Премьер-министр Сапар Исаков бардык жумуштарды жогорку деңгээлде жасоонун маанилүү экенин белгилеп, жол жээгиндеги инфраструктураларга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Андан кийин, Өкмөт башчы Каракол шаарынын Элебаев Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде 875 окуучуга ылайыкталган  заманбап үч кабаттуу мектеп спорт залы менен курула турган  жер тилкесин карап чыкты.

Белгилей кетсек учурда Каракол шаарында 11 мектеп бар, бирок ага карабастан жаңы окуу мекемелерине муктаждык чоң.  Жаңы мектепти курууга долбоор даяр, анын  наркы 205 млн. сомду түзөт.

Өкмөт башчы Сапар Исаков бул мектепти куруу үчүн долбоордун аткарылышын тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле, Өкмөт башчы Каракол шаарынын Токтогул көчөсүнүн аякталган бөлүгү менен да таанышты.

 [su_carousel source="media: 105191,105192,105193,105194,105195,105196,105197,105198,105199,105200" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү