26

Октябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков «Дем алуу күндөрүн жылдыруу» тууралуу Өкмөттүн токтомуна кол койду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын токтомуна кол койду, ага ылайык 2017-жылдын 28-октябрь эс алуу күнү 2017-жылдан 6-ноябрындагы жумуш күнүнүн эсебинен беш күндүк жумуш графиги менен иштеген мекеме уюмдардардын жана ишканалардын кызматкерлери үчүн жумуш күнү деп эсептелет.

Аталган чечим 2017-жылдагы эс алуу жана майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Кыргыз Респуликасынын Эмгек кодексиндеги 113 беренеге ылайык 7-ноябрь — Кыргыз Республикасында Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү катары майрам күнү деп белгиленет.

Ушундан улам беш күндүк жумуш графиги менен иштеген мекеме уюмдардардын жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 28-октябрь жумуш күнү катары эсептелип, 2017-жылдын 4-7-ноябрь дем алуу күнү деп белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү