02

Сентябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы убактылуу Макулдашуунун ички жол-жоболорун даярдоону баштоону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы убактылуу Макулдашуунун ички жол-жоболорун  даярдоону баштоону тапшырды.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 21-26-августунда Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) жана ушул эле жылдын 27-31-августунда Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) кыргыз-өзбек мамлектетик чек арасын делимитация жана деморкациялоо боюча Өкмөттүк делегациянын жумушчу топторунун жолугушуулары өткөн.

Болуп өткөн сүйлөшүүлөр тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине толук маалымат берди.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы убактылуу Макулдашуунун ички жол-жоболорун  даярдоону баштоо тууралуу сөз болду.

Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы убактылуу Макулдашуунун ички жол-жоболорун  даярдоону баштоо тууралуу тапшырма берди.

[su_carousel source="media: 102640,102639" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү