11

Октябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды чатырлар жана ысык тамак менен камсыз кылууну тапшырды

Тиешелүү тапшырманы бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков берди.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы  абалды ошондой эле алдыдагы аба ырайынын суук болушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды  ысык тамак-аш, ичүүчү суу жана биотуалеттер менен камсыз кылууну жана чатыр тигүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына дарыгерлер тобун бөлүүнү, түнү-күнү медициналык тез жардам көрсөтүүнү камсыз кылууну милдеттендирди.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында турган оор жүк ташуучу унаалардын санын жана андагы тез бузулуучу азыктарды ташыган унааларды аныктап чыгуу тапшырмасы берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү