13
Апрель
Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын базарларындагы өрт кесепетинен жабыркаган ишкерлерди колдоо боюнча чараларды кабыл алууну тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 13-апрелде, Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-рынок аймагындагы жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук рыногундагы өрттүн пайда болуу себептерин аныктоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Өкмөт башчыга 12синен 13-апрелге караган түнү эки рыноктун аймагында өрт кырсыгы катталгандыгын маалымдады.
«Ош базары» соода-рынок комплексине түнкү саат 03:50дө чкыруу түшкөн. Өрт бир убакта эки-үч жерде башталган. Өрт очогу Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Берекет гранд» сода борборунан алыс эмес орун алган. Өрт өчүрүүгө 14 өрт өчүрүүчү техника тартылган, күйгөн жердин аянты 2 миң 500 чарчы метрди түзгөн. Таңкы саат 07:40 өрт өчүрүлгөн, жабыркагандар жок. Ал эми Жалал-Абад шаарынын борбордук рыногундагы өрт түнкү саат 01:57де башталып, 1 миң 344 чарчы метр аянт өрткө чалынган. Жеринде 6 өрт өчүрүүчү техника иш алып барган. Өрт түнкү саат 03:17де токтотулуп, таңкы саат 06:27 толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок», - деп билдирди министр.
Ички иштер министри Улан Исраилов билдиргендей, учурда эки өрттүн келип чыгуу божомолдорунун арасынан өрт коюу негизги версия катары каралууда. Учурда өрт чыгуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголду.
Маалыматты угууда Премьер-министр Сапар Исаков өрт кесепетинен жабыркаган ишкерлерди колдоо боюнча бардык чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. «Муну соода жүргүзгөн жарандарга олуттуу матералдык зыян келтирилгендигин эске алуу менен аткаруу керек. Мындан тышкары, Ички иштр министрлиги тыкыр иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча өрткө күнөөлүү жактарды аныктап, мыйзамга жараша жоопкерчиликке тартуусу керек», - деди Сапар Исаков.
Өкмөт башчы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевге эки рыноктун аймагындагы өрттөн улам жабыркаган ишкерлер субьектилерине мамлекеттик колдоо көрстүү жаатындагы маселени жеке көзөмөлгө алуусун тапшырды.
Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдар калк арасында өрт коопсуздугу техникасын жана өзгөчө кырдаалдагы жүрүм-турум талаптарын сактоо максатында түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүсү зарылдыгын баса белгиледи.
[su_carousel source="media: 115004,115005,115006,115007,115008" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү