25
Ноябрь
2017
Премьер-министр Сапар Исаков өлкөдө КММ жана көмүргө карата баанын негизсиз жогорулоосуна жол бербөө боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 25-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин үстүбүздөгү жылдын 9 айы үчүн ишинин жыйынтыгын чыгаруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчы керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын, ишкерлердин жана жарандардын укугун теңдештирүүнү эске алуу менен адилет атаандаштык принцибин сактоонун зарылдыгын белгиледи.
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Шухрат Сабиров табигый монополиялардын чарба жүргүзүүчү субьектилеринин ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик акы төлөнүүчү тейлөөлөргө, анын ичинде аткаруу бийлик органдары жана алардын түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлчү тейлөөгө бааны (тариф) макулдашууну мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө отчет берди.
Мындан тышкары, Шухрат Сабиров антимонополдук мыйзам бузуулар үчүн, анын катарында керектөөчүлөрдөн түшкөн кайрылуулар жана арыздар боюнча штрафтык жана экономикалык санкциялардын салынышы тууралуу маалымдады.
Буга катар Өкмөт башчыга өлкөдөгү негизги тамак-аш продуктуларына, жашылча-жемиштерге, көмүргө, цементке жана күйүүчү-майлоочу майларга (КММ) карата чекене баалардын мониторинги боюнча иштин жыйынтыгы туралуу отчет берилди.
Премьер-министр Сапар Исаков жалпы республика боюнча, ошондой эле аймактар арасында социалдык маанилүү товарларга болгон баанын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өкмөт башчы ошондой эле учурда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өлкөдө КММ жана көмүргө карата баанын негизсиз жогорулоосуна жол бербөөгө өзгөчө көңүл буруусу керектигин билдирди.
Буга байланыштуу Сапар Исаков өлкөнүн ички рыногундагы абалды тыкыр талдоого алуу менен КММ жана көмүргө карата баанын негизсиз жогорулоосуна жол бербөө боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.
Буга катар көмүр сатуу түйүндөрүндө сатуучулар арасында бааны негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күн сайын көмүргө жана КММ карата бааны мониторингдөө тапшырылды.
Мындан тышкары, ишкерлер жана калк арасында негизги социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына карата бааны бир деңгээлде кармап туруу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүү тапшырылды.
[su_carousel source="media: 107737,107738,107739" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү