12
Октябрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кызыл-Суу айылынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун-сметалык документтерин камсыз кылууну тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунундагы Кызыл-Суу айылынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоору менен таанышты.
Кызыл-Суу айылында 13 миңден ашык калк жашайт. Колдонулуп жаткан суу менен камсыз кылуу системасы 1960-жылы түзүлгөн.
Бул айыл 2017-2021-жылдарда таза ичүүчү суу менен калкты камсыз кылуу боюнча Дүйнөлүк банктын долбооруна киргизилген.
Белгилей кетсек, жалпы Ысык-Көл облусу боюнча аталган долбоорго 21 айылы кирген. Долбоордун баасы 2,9 млн доллар.
Азыркы учурда, долбоордун сметалык документтери иштелип чыгууда. 2018-2020-жылдары курулуш иштери башталары пландалууда.
Ошол эле учурда, айылдын жылытуу системасын жаңылоо үчүн жана таштанды сууну тазалоо курулуштарынын системасын жакшыртуу боюнча Европалык өнүктүрүү банкынын долбооруна камтылары пландалуда.
Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу максатында, сметанын долбоорун тез арада иштеп чыгууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 105156,105157" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын
маалымат менен камсыздоо бөлүмү