20

Сентябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын аймактык ветеринардык дартты аныктоо жана экспертиза борборун ишке киргизүүнү тездетүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 19-сентябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан турак үйдүн курулушу менен таанышты.

2017-жылдын апрель айында курулушу башталган турак үй республикалык бюджеттен каржыланууда. Жалпы сметалык наркы 48 млн. 233 миң 415 сомду түзөт. Учурда турак жайдын дубалы толугу менен бүткөрүлүп, плиталык жабуулары аяктаган жана жылытуу системасы киргизилип жатат.

«Курулуш иштерине ата мекендик курулуш материалдарын колдонуу зарыл. Турак жайга муктаж болгон  кызматкерлердин азыркы тапта батирлерде жашап жатканын эске алуу менен, ишти тез жана сапаттуу бүткөрүү керек»,-деди Премьер-министр.

Андан соң Премьер-министр Сапар Исаков Нарын аймактык ветеринардык дартты аныктоо жана экспертиза борборуна барды.

Өкмөт башчы курулуш жана капиталдык оңдоо иштери менен таанышып чыкты. Көрсөтүлгөн жумуштарды аягына чыгаруга Өкмөт тарабынан 4,5 млн сом каражат бөлүндү, эми заманбап жабдуулар алынып келинет.

«Нарын облусунун фермерлерине ЕАЭБдин алкагында 180 миллиондук рынокко чыгып, эт жана сүт азыктарын экпорттоого жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Буга байланыштуу оңдоо жана  керектүү жабдууларды сатып алуу иштерин тездетүү зарыл»,-деди Өкмөт башчы.

[su_carousel source="media: 103441,103442,103443,103444,103445,103446,103447,103449" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү