23
Февраль
Премьер-министр Сапар Исаков Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтун көрүп келди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн 23-февралда, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтун көрүп келди.
Өкмөт башчы Сапар Исаков Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерин жана аскер институнун курсанттарын Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Премьер-министр Сапар Исаков өз сөзүндө мекенди коргоочулар Кыргызстандын бекем тиреги жана коргоочусу катары саналаарын белгиледи.
«Сиздер республикабыздын чыныгы патриотторусуңар. Мен силердин кызматыңар жана эрдигиңер үчүн терең таазим этем. Сиздер өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн катарында туруп, оңой эмес жана жоопкерчиликтүү кызмат аткарып, жалпы коомчулуктун коопсуздугун сактап турасыңар. Ушул күнү мен үй-бүлөңүздөргө жана жакындарыңыздарга бакубатчылык каалайм. Кыргызстаныбызда тынчтык жана ынтымак өкүм сүрсүн», - деди Сапар Исаков.
Мекенди коргоо күнүнүн урматына Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери жана аскер институтунун курсанттары салтанаттуу марш менен өтүштү.
Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле окуу мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, заманбап мультимедия окуу каражаттары менен жабдылган окуу бөлмөлөрүн көрүп чыкты.
Өкмөт башчыга институттун ишмердүүлүгү, тарыхы жана өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча маалымат берилди.
Жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков аскер институтуна керектүү жабдууларды белек кылып, окуу шарттарын жакшыртууга колдоо көрсөтөөрүн маалымдады.
Маалымат иретинде: Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институту Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жана башка аскердик түзүмдөрүнө офицерлерди мамлекеттик буюртманын негизинде даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүүчү жогорку адистик мекеме болуп саналат.
[su_carousel source="media: 112844,112845,112846,112847,112848,112849,112850,112851,112852,112853,112854,112855,112856,112857,112858" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү