31
Август
Премьер-министр Сапар Исаков жалпы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жалпы кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Төмөндө Өкмөт башчынын куттуктоо сөзү:
«Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Өлкө көз карадысыздыкты алган бери Кыргызстан көптөгөн сыноолор жана кыйынчылыктардан өттү. Ошого карабастан, биздин өлкө бүгүн дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээледи.
Биздин негизги максатыбыз элдин биримдигин жана ынтымагын, мамлекеттин жана анын экономикасынын коопсуздугун сактоо жана бекемдөө болуп саналат.
Акыркы жылдары өлкө олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, биз коомдун ар кандай тармактарында оң натыйжалуу бир катар өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга жетише алдык.
Жакында эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамына өзүнүн ишин мыкты билген жаш, дымактуу жетекчилери келип, баары биргеликте экономиканын дээрлик бардык тармактары боюнча бийик максаттарды ишке ашырууга өзүнө милдеттерди койду.
Жаңы Өкмөттүн “Жаңы доого кырк кадам” программасында элдин бакубат турмушу жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган 40 этаптан турган жаңы кадамдар каралган.
Биз азыр баарыбыз биригип, өлкөнүн эмегендүүлүгүн бекемдеп, жарандардын жакшы жашоосу үчүн биргеликте аракеттенишибиз зарыл.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен урматтуу мекендештер! Баарыңыздарга бакыт, ийглик жана ачык асман алдында бакут өмүр каалайм!»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү