08

Сентябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков соода тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 8-сентябрда, соода тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Премьер-министрдин куттуктоо сөзү:

 «Урматтуу соода тармагынын кызматкерлери!

Сиздердин кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын соода тармагындагы кызматкерлердин майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Соода  ата мекендик экономиканын негизги тармагы болгон жана мындан кийин да айрым кыйынчылыктарга карабай дайыма негизги багыт катары өнүгүү жолунда болот.

Өткөн жылы республикада дүңүнөн соода жүгүртүүнүн көлөмү 7,2%  өсүп пландалган өлчөмдөн 451 млрд. сомго көп каражат чогулган. Ал эми ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында былтыркыга салыштырмалуу –  3,9% өсүп, 211,3 млрд. сомду түздү.

ИДП түзүмүндө 2016-жылы чекене жана дүң сооданын үлүшү 8,6% түзгөн. Бул – экономиканын эң маанилүү секторлорунун бири. Сиздердин эмгекчилдигиңиздерден эң маанилүү социалдык – товар жана тейлөөлөрдү камсыз кылууда маселелер чечилүүдө.

Сиздер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошосуздар. Сооданын абалы аркылуу өлкөдөгү калктын турмушун жана экономикалык абалын билүүгө болот. Сиздердин күчүңүздөр менен Кыргызстанда соода тейлөө жагы бир топ жакшырды. Соода түйүндөрү көбөйдү, бардык сатып алуучуларга товардын кеңири түрлөрү сунушталууда.

Мен ишенем, сиздердин мындан аркы ишиңиздер Кыргызстанда талап кылынгандай рыноктук шартты кеңейтүүгө багытталат.

Сиздерге бекем ден-соолук, талыкпаган эмгек каалайм. Бакыт жана түйшүктүү эмгек жолуңуздарда көп ийгиликтер болсун».

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү