27

Октябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков: «Өкмөт түздөн-түз инвестицияларды тартууга жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө ниеттенүүдө

“Өкмөт түздөн-түз инвестицияларды тартууга жана бизнес үчүн максималдуу түрдө жагымдуу шарттарды түзүүгө ниеттенүүдө”, - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 26-октябрда «МЕДЕФ Интернешнл» уюму боюнча Франция Республикасынын бизнес-делегациясы менен болгон жолугушууда.

Иш-чарага Франциянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси  Майкл Ру да катышты.

Өкмөт башчы Кыргызстан Франция менен болгон жылуу жана достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берет, буга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдагы Францияга болгон иш сапары жана франциялык компаниялардын ички рыногундагы иштери күбө боло аларын белгиледи.

Муну менен Сапар Исаков эки өлкөнүн экономикалык байланыштар жана соода-сатык чөйрөсүндөгү ишке ашпай келген ири мүмкүндүктөрүн толтуруу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болорун да кошумчалады.

“Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасында өлкөгө инвестиция тартууга чоң көңүл бурулган. Ошондой эле биз, өлкөнүн бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту жана бекем системаны тургузууга мүмкүндүк берген парламенттик демократияны ар дайым бекемдеп турабыз.” –деп  баса белгиледи Сапар Исаков.

Мындан тышкары Премьер-министр Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кирген бирден бир негизги компоненттер болуп – “Таза Коом” улуттук программасы саналарын белгилеп,  француз ишкерлерин биргеликте ишке аш алып барууга чакырды.

Өкмөт башчы өлкөнүн санариптик экономикага өтүшүн бизнести тартуусуз ишке ашыруу мүмкүн эмес –деп  белгиледи.

Ошондой эле Сапар Исаков  өлкөдө, анын катарында чет элдик өкүлдөргө ишкерлик ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн  максималдуу жагымдуу чөйрө түзүү жана шарттарды жакшыртуу боюнча Өкмөттүн пландары жөнүндө айтып берди. Франция  элчиси Майкл Ру Кыргызстан жана Францияны биргеликте соода-сатыкты өстүрүү боюнча  эффективдүү чараларды кабыл алуусу керек экенине макул экенин жана Премьер-министр Сапар Исаковдун жолугушуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.  Ал «МЕДЕФ Интернешнл» ар түрдүү экономикалык секторлорду алып келүүчү компанияларды бириктирген Франциядагы ири уюмдардын бири  болуп саналат деп билдирди.

Уюмдун максаты  француз ишканаларынын тажрыйбаларынын, соода-сатык алмашуу, технологиялык кызматташуу жана  өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн  улуттук экономикасына инвестиция жолу менен колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Франция бизнес-делегацияларынын өкүлдөрү өздөрүнүн компаниясынын ишмердүүлүгү жана Кыргызстанга инвестициялоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат менен тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика, айыл-чарба, санариптик технологияга өтүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү  долбоорлорду  биргеликте ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Премьер-министр Сапар Исаков чет элдик инвесторлор менен өз ара пайдалуу жана эффективдүү кызматташууга өлкөнүн Өкмөтү ар дайым ачык экенин баса белгиледи.

Соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга жолугушуунун жүрүшүндөгү айтылган маселелер боюнча тапшырмалар берилди.

[su_carousel source="media: 106147,106148,106149,106150,106151,106152,106153" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү