01

Сентябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков: «Ыйык Курман-Айт майрамы ар бирибизди кайрымдуулукка, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырат»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-сентябрда, Ош шаарынын борбордук аянтындагы майрамдык айт намазга катышты.

Өкмөт башчы Курман айтка карата Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  атынан куттуктоо сөзүн окуду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жалпы мекендештерди майрамы менен куттуктап Премьер-министр Сапар Исаков  Курман-Айт майрамы элди кайрымдуулукка, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакыра турганын баса белгиледи.

«Бүгүн жетим-жесирлерге жардам берип, соопчулук иштерди жасоо, ата-бабаларыбызды, жакындарыбызды эскерип, келечекте жакшы ниет кылуучу күн. Курман айт күнү бардык аруу тилектериңерди Алла Таала кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттарыңар ишке ашсын. Элибизде ар дайым ынтымак жана биримдик орноп, Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин», — деди Сапар Исаков.

[su_carousel source="media: 102580,102581,102582,102583,102584,102585,102586,102587,102589,102590,102591,102592,102593" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү