12
Декабрь
Премьер-министр Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовду МБК борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-декабрда, Кубанычбек Кулматовду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды.
Өкмөт башчы Кубанычбек Кулматовдун өлкөнүн бажы органдарындагы мыкты кесиптик тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилиги астында өлкөдө бажылык жөнгө салуунун натыйжалуулугу жогорулаарына ишеним билдирди.
«Кубанычбек Кулматовду кызматтын жетекчиси катары дайындоонун негизги себебинин бири – ал МБК жеке курамы үчүн жаңы адам эмес. Ал көп жыл бою бажы органдарында иштеп, МБК жетекчилиги кызматында жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн», - деп белгиледи Сапар Исаков.
Соңунда Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине ишинин ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү