26

Август

2017

Премьер-министр Сапар Исаков кызматтык милдетин аткарууга киришти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-августта кызматтык милдетин аткарууга киришти.

Өкмөт башчысын кызмат ордуна тааныштыруу иш чарасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана парламенттик фракциялардын лидерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коалициялык көпчүлүгүнүн өкүлдөрү катышты.

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Президентине жана Жогорку Кеңештин депутаттарына жогорку ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Өкмөттүн жаңы курамы экономиканын өнүгүшүнө жана жарандардын бакубат жашоосуна багытталган «Жаңы доор – кырк кадам» Өкмөттүк Программасын эффективдүү ишке ашыруунун үстүнөн иш алып бара тургандыгын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, жума, 25-августта, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынында депутаттар Премьер-министр Сапар Исаков башында турган Өкмөттүн жаңы түзүмүн жана курамын бекиткен.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү