26

Август

2017

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөт мүчөлөрү менен биринчи жумушчу жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен биринчи жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйында Сапар Исаков жаңы Өкмөттүн алдында турган кыска убакыт аралыгында ишке ашырылуучу бир катар тапшырмаларга токтолду.

Мындан сырткары, Премьер-министр экономиканын түрдүү тармагын реформалоого багытталган «Жаңы доор – кырк кадам» Өкмөттүк Программасын эффективдүү ишке ашыруунун үстүнөн иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

Өкмөт башчы министрликтер менен ведомстволордун ишмердүүлүгүндөгү негизги талаптардын бири,  кабыл алынган кандай гана чечим болбосун оперативдүү жана эффективдүү аткаруу керек экенин билдирди.

Аны менен бирге Премьер-министр Сапар Исаков «Жаңы доор – кырк кадам» Өкмөттүк программасында жана башка стратегиялык документтерде коюлган тапшырмаларды убагында аткаруу үчүн Өкмөттүн  Аппараты, мамлекеттик органдар жана  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бири-бири менен тыгыз байланышта иш алып баруусу зарылдыгын баса белгиледи.

[su_carousel source="media: 102331,102332" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү