13
Сентябрь
Премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча жыйын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 2017-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча жыйын өткөрдү.
Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, 2017-жылдын январь-август айларында респуликалык бюджеттин жалпы киреше көлөмү 73 251,5 млн. сомду түзүп 100,1% жетти.
«2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгү 10 526,1 млн. сомго көп болду. Салыктын түшүүсү 56 688,8 млн. сомду түзүп, 56 731,2 млн. сом болуп жалпы план 99,9% аткарылды. Былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу кирешенин өсүшү акчалай алганда 6 198,1 млн. сом болду. Кирешеде салыктан түшкөн каражаттын пайызы 77,4% жетти. Тактап айтканда салык кызматынан түшкөн каражат 35 744,7 млн. сомго жетип, 99,5% аткарылды. Бажы кызматы боюнча киреше 20 944,1 млн. сом болуп 100,7% ашты. Республикалык бюджетке түшкөн социалдык керектөөлөргө чегерилген камсыздандыруу суммасы 1 678,1 млн. сом болуп 123,6% түздү», - деди Финансы министри Адылбек Касымалиев.
Жыйындын соңунда Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдар тарабынан чыгымдарды оптимизациялоо менен бирге 2017-жылдагы республикалык бюджетти толук аткарууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 103109,103110,103111,103112,103113" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү