05
Октябрь
2017
Премьер-министр Сапар Исаков ушул жылдын 9 айындагы бюджеттин аткарылышы тууралуу жыйын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда, ушул жылдын 9 айындагы бюджеттин аткарылышы тууралуу жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйында финансы министринин орун басары Алмаз Бакетаев, Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов 2017-жылдын январь-сентябрь айларында респбуликалык бюджетке 97 857,3 млн. сом каражат түшүп, бул 102,2 % түзгөнүн билдиришти.
2016-жылдын ушул маалына салыштырмалуу ресурстар 11,6% өсүп, 10 142,6 млн. сомго жеткен.
Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 85 346,0 млн. сом же 102,7% болду. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 14 756,8 млн. сомго жогору.
Салык кызматы боюнча 40 578,6 млн. сом каражат түшүп, план 98,7% аткарылган. Бажы кызматы боюнча 24 303,0 млн. сом түшүп, план 101,0% жетти.
Өкмөт башчы Сапар Исаков министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринен октябрь айына карата бюджеттин пландалган бөлүгүн өз убагында аткарууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 104650,104651,104652,104653,104654,104655" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү