05
Апрель
Премьер-министр Сапар Исаков: Өкмөт жүргүзүп жаткан реформалар натыйжаларын берип, элге сезилерлик болушу керек
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы алдында бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү.
Премьер-министр Өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер натыйжаларын берип, коомчулук жакшырууну сезиши керек деп белгиледи.
«Биз бюджеттин киреше жагын көбөйтүүгө байланыштуу системалуу реформаларды жүргүзүп жатабыз, жана мен мындан feedback (кайра байланыш) алып жатканыбызды байкоодомун. Биз салык процедураларын фискалдаштыруусун кийирүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн бизнес менен тыгыз форматта диалог түзүп, өлкөнүн мыйзамдарын жакшыртып, ал эми аткаруу бийлигинин органдары өз кезегинде ар бир мыйзам актыларын аткарышы зарыл», - деди Сапар Исаков.
Премьер-министр ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөрү менен болгон жагымдуу динамиканы баса белгиледи, тактап айтканда, Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон эскпорту 27% өстү, ошол эле учурда үчүнчү өлкөлөрдүн өсүүсү 8,6%. түздү.
«Андыктан ички инфаструктураны өнүктүрүү боюнча ишти улантышыбыз керек. Биз бизнести техникалык регламенттердин негизги критерийлери тууралуу маалымдап, үзгүлтүксүз түрдө ЕАЭБ өлкөлөрү менен бизнес жүргүзүүнү үйрөтүү үчүн күчтүү трейнерлерди тартуубуз зарыл. Буга байланыштуу Экономика министри техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык аспектилери менен ЕАЭБдин аймагына товарларды чыгаруунун эрежелерин түшүндүрүү боюнча туруктуу негизде иш-чараларды жүргүзүүсү зарыл», - деп белгиледи Сапар Исаков.
Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле байланыштын базалык станцияларын орнотуу жана республикадагы милдеттүү камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү үчүн уруксат берүүчү процедураларын жеңилдетүү тууралуу маселелер талууланды.
Өкмөт турак жайды камсыздандырууга жеке компанияларды тартууну сунуштоодо, бизнес өз кезегинде өкмөттөн камсыздандыруунун бардык шарттарын жана иретин так жазып берүүсүн суранат.
«Биз аталган маселени иштеп чыгышыбыз керек, анткени анын жакшы келечеги бар. Бизнеске мындай тема пайдалуу жана кызыктуу, ал эми биз «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу» мыйзамын ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгышыбыз зарыл», - деди Сапар Исаков.
Андан тышкары Кеңештин өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик, муниципалдык жана мекемелерди камсыздандыруу милдетүү негизде болуусу, ал эми калкка өз ыктыяры менен камсыздандыруунун оң жактары тууралуу айтып туруу керектиги белгиленди.
Отурумдун жыйынтыгы менен Премьер-министр Сапар Исаков бардык тийиштүү мамлекеттик органдарына берилген тапшырмаларга жана Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин сунуштарын олуттуу, жоопкерчиликтүү аткаруу тапшырмасын берди.
[su_carousel source="media: 114573,114571,114570,114569,114568,114567,114566,114565,114564,114563,114562,114561,114560" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү