01
Сентябрь
Премьер-министр Сапар Исаков: «Биз бүгүнкү күндө Ош шаарынын күн сайын туруктуу өнүгүүсүнө күбө болуп жатабыз»
«Биз бүгүнкү күндө Ош шаарынын күн сайын туруктуу өнүгүүсүнө күбө болуп жатабыз. Мен Ош шаарын жакынкы келечекте Борбор Азиядагы алдыңкы шаарлардан болушун каалайм», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 31-августта, Ош шаарындагы Сай-Бою көчөсүндөгү көпүрөнүн ачылышынында.
Өкмөт башчысы шаардын системалуу өнүктүрүүнүн далили коомдук жайлар жана базис курулушун эмес, дипломатиялык миссияларды ачуу менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен аба каттамын түзүү экенин белгиледи.
«Мен ишенем, жакынкы беш жылда Ошто позитивдүү өзгөрүүлөр жана өнүгүү болот. «Акылдуу шаар» долбоору ишке ашып, анын алкагында шаардын жол инфраструктурасын жакшыртуу карлаган. Мунун баары жакынкы жылдары ишке ашат», — деди Сапар Исаков.
Өкмөт башчы, курулуш иштеринин сапаттуу жана өз убагында аяктоо жана каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча туура көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн Ош шаардык мэриясынын жетекчилигине үчүн ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, өкмөт башчы Ош шаарындагы коомдук спорт объекттерин куруу боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышышты. Ошондой эле спорттук мектеп-интернатынын жаңы имаратын көрдү. Бул мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, 50 балага ылайыкталган.
Премьер-министр Сапар Исаков жаш муундарды дени сак жашоого үгүттөө максатында ушул сыяктуу спорттук мекемелердин тармагын өнүктүрүүнүн жана сергек жашоо мүнөзүн илгерилетүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.
[su_carousel source="media: 102565,102566,102567,102568,102569,102570,102571,102572,102573,102574,102575,102576" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү