30
Август
Премьер-министр Сапар Исаков: «Өлкөнү санариптештирүү анын өнүгүүсүнө жол ачат»
«Өлкөнү санариптештирүү анын өнүгүүсүнө жол ачат. Ошондой эле ата-мекендик экономиканын өсүшүнө кошумча түрткү берип, социалдык кырдаалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-августта, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгаабазар башында турган делегация менен жолукканда.
Жолугушууда санариптик телекоммуникация тармагында эки тараптуу кызматташуу тууралуу актуалдуу темалар талкууланды.
Өкмөт башчы Дүйнөлүк банк өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи. Сапар Исаков жаңы Өкмөттүн алдында чоң максаттар жана тапшырмаларды ишке ашыруу милдеттери турганын, ал үчүн Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык финансылык институттардын колдоосу керек экенин кошумчалады.
Премьер-министр «Жаңы доорго 40 кадам» Программасынын негизги багыттары тууралуу айтып, анда маалыматтык-коммуникациялык технологияга өзгөчө басым жасалганын, жашыл экономика жана калкты интернет менен камсыз кылууга кеңири шарт түзүү жагы каралганын билдирди.
«Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири, бардык аймактардагы ар бир айылды сапатуу мыкты интернет менен камсыз кылуу. Биз аны жакынкы үч жыл аралыгында ишке ашырууну көздөп жатабыз», - деди Сапар Исаков.
Премьер-министр ошондой эле интернет тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү төлөмдөрүн арзандатуунун үстүнөн иш алып барып жаткандыгын да кошумчалады.
Өкмөт башчы деталдык планды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн айтып, бул багытта келечекте кызматташууга үмүт артарын билдирди.
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгаабазар жаңы Өкмөттүк курам менен экономиканын түрдүү секторлору боюнча активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.
[su_carousel source="media: 102447,102448,102449,102450,102451,102452" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү