29

Декабрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын шаарында КР ЖАМК жана МЧК кызматкерлерине жаңы квартиралардын ачкычын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамынын кызматкерлери үчүн Нарын шаарында курулган турак-жайлардын ачылыш салтанатына катышты.

Өкмөт башчы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерин турак-жайлуу болушу менен куттуктап, бул алар жана алардын үй-бүлөсү үчүн жаңы жыл алдындагы чыныгы кубаныч экендигин белгиледи.

«Акыркы жылдары куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар чаралар кабыл алынган. Өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан аталган түзүм кызматкерлери үчүн турак-жайларды пайдаланууга берүү боюнча активдүү иш башталган. Бул өлкөдө жакшы салтка айланды жана келечекте улантылышы зарыл», - деп белгиледи Сапар Исаков.

«Өкмөт тараптан куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү үчүн максималдуу колдоо көрсөтүү, жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер улантылат», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр иш-чара катышуучуларын Жаңы жылы менен куттуктап, тынчтык, бакубаттык жана ийгиликтерди каалады. Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жаңы турак-жайлардын аймагын көрктөндүрүү үчүн акчалай сертификаттар бөлүнгөн.

Маалымдама: Ар биринде 24 квартиралуу эки турак-жайдын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган жана Россия Федерациясынын каражатынын эсебинен ишке ашырылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

[su_carousel source="media: 109832,109831,109830,109829,109828,109827,109826,109819,109820,109821,109822,109823,109824,109825,109808,109807,109806,109805,109804,109803,109802,109801,109800" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]