17

Сентябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков белгилүү Россиялык боксерлор Дмитрий Бивол жана Сергей Кузьмин менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-сентябрда, Кыргызстанга  мелдештин алдынан машыгууга келген белгилүү Россиялык боксерлор Дмитрий Бивол жана Сергей Кузьмин менен жолукту.

Өкмөт башчы спортчулар менен учурашып, алар менен өлкөдөгү бокс  тармагын өнүктүрүү боюнча сүйлөштү.

Дмитрий Бивол менен Сергей Кузьмин Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан машыгуулары тууралуу Премьер-министр менен ой бөлүшүп, өлкөнүн кооз  жаратылышы жана андагы спорт менен машыгууга карата түзүлгөн жакшы шарттары туралуу оң көз карашта экендигин  билдирди.

Спортчулар белгилегендей, Ысык-Көл облусунун уникалдуу климаттык шарты ири эл аралык мелдештердин алыдан машыгуудан өтүүгө абдан ыңгайлуу.

Премьер-министр Сапар Исаков жаңы Өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү негизги приоритеттүү багыттардын  бири мындан ары өлкөдө спортту өнүктүрүү экенин баса белгиледи.

Мындан сырткары Өкмөт башчы 2018-жылы Крыгызстанда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну өтө турганын айтып, спортчуларды бул иш чарага келип кетүүгө чакырды.

Дмитрий Бивол –Кыргыз Республикасында туулуп өскөн, орусиялык  тажрыйбалуу-боксер, орто салмактагы категория боюнча эл аралык спорт чебери, WBA версиясы боюнча убактылуу дүйнө чемпиону (2016 ж.).

Сергей Кузьмин – орусиялык тажрыйбалуу-боксер, орто салмактагы категория боюнча спорт чебери.

 [su_carousel source="media: 103314,103315,103316,103317,103318" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсызддоо бөлүмү