27
Октябрь
Премьер-министр Сапар Исаков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-октябрда, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы менен Россиянын ортосунда расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу тууралуу баарлашты.
Өкмөт башчы Орусия Кыргызстандын жакын өнөктөшү экенин жана өлкөлөр ортосунда чыныгы достук жана стратегиялык мамиле калыптанганын баса белгиледи.
Сапар Исаков кыргыз тарап мындан ары кызматташууну бекемдөөгө зор маани берерин баса белгиледи.
Өз кезегинде Россиянын элчиси Андрей Крутько өлкөдөгү президенттик шайлоо жогору уюшулгандыкта болгонун айтып, аны өткөрүүдө мыйзамдык процедуралардын жана нормалардын бардыгы сакталганын билдирди.
Ошондой эле жолугушууда тараптар санариптик технология, транспорт, эмгек мигранттарына жакшы шарттарды түзүү багытында да сүйлөштү.
[su_carousel source="media: 106105,106106,106107" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү