28

Октябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков Улуу Британиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-октябрда, Улуу Британия Бириккен королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит менен жолукту.

Жолугушууда кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы  элчинин өз ишмердүүлүгү учурунда эки мамлекеттин мамилесин бекемдөөгө зор салым кошкондугун белгиледи.

Ошондой эле, тараптар «Таза коом» улуттук долбоорун ишке ашыруу чараларын жана санариптик экономикага өтүүдөгү эл аралык тажрыйбаларды талкуулашты.

Өз кезегинде элчи Робин Орд-Смит «Таза коом» долбоору мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууга жана ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө күчтүү импульс берерин билдирди.

Жолугушуу учурунда тарапта санариптик заманбап экономикага өтүү боюнча дүйнөдөгү мамлекеттердин тажрыйбалары тууралуу да баарлашты.

[su_carousel source="media: 106239,106240,106241,106242" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү