25

Октябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков Армениянын Премьер-министри Карен Карапетян менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 24-октябрда, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүп жаткан Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян менен жолукту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу багытындагы негизги маселелер жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин мындан аркы мамилелерин жакшыртуу тууралуу талкуу болду.

Өкмөт башчы Сапар Исаков белгилегендей,  Кыргызстан соода-экономикалык тармагындагы Армения менен мындан ары кызматташууну бекемдөөгө зор маани берет.

«Ошондой эле эки тараптуу мамилени жакшыртууда соода-экономикалык алакаларды жакшыртуунун алкагында товар алмашуунун көлөмун арттырууга басым жасоого болот. 2016-дылга салыштармалуу 2017-жылы товар алмашуунун көлөмү ир топ жакшырган. Бул үчүн болгон мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу зарыл», — деди Сапар Исаков.

Сапар Исаков Евразия интеграциясынын алкагында Кыргызстан менен Армениянын мүмкүчүлүктү максималдуу пайдалануусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аны менен бирге  Сапар Исаков «ВСП+» атайын  схемасын башкарууда жана аны өнүктүрүүдө Армениянын тажрыйбасын колдонуунун зарылдыгына да токтолду.

«Учурдагы абалды эске алуу менен, тараптар аталган статус боюнча болгон мүмкүнчүлүктү колдонсо болот», — деди Сапар Исаков.

Армениянын Премьер-министри Карен Карапетян ошондой эле соода-экономикалык багытта кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Ал Армения тарап бул аракеттерди ишке ашыруу үчүн болгон аракетин жумшай турганын да  баса белгиледи.

[su_carousel source="media: 105745,105746,105747" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel] 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү