10
Февраль
Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн БАЭге учуп кетти
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу үчүн жумушчу сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти.
Жумушчу сапарынын алкагында Өкмөт башчы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, анын ичинде эмираттын мураскер ханзаадасы Эль-Фуджейра Е.В.Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки, Өнүктүрүү фондунун башкы директору Абу-Даби Мухаммад Саиф Аль-Сувейди жана «Investment Corporation of Dubai» аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани менен жолугушуулары бар.
Андан тышкары, Премьер-министр Сапар Исаков «Emaar Properties» компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар, Дубай эмиратынын полициясынын башчысы, генерал-майор Абдулла Халиф Аль Марри, «VPS Health Care» компаниясынын башчысы, доктор Шамшир Ваялил, «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Аблулла Али, Дубай эмиратынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль Гурейр менен сүйлөшүлөөрдү жүргүзөт.
Саммиттин алкагында Премьер-министр жергиликтүү полициянын ишмердүүлүгү, эмираттын укук коргоо органдары колдонгон алдыңкы технологиялары жана полициялык участканын ишмердүүлүгү менен таанышат.
Ага катар, Сапар Исаков «Жардыруу» — чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу панелдик дискуссиянын ишине катышат жана БАЭнин вице-президенти, премьер-министри, Дубай эмиратынын эмири Е.В. Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумдун катышуусунда параллелдик сессиясына катышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү