09

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнүн агрардык сектору ЕАЭБге экономикалык интеграциялашуу процессинде маанилүү багыттардан болуп саналат

«Өлкөнүн агрардык сектору ЕАЭБге экономикалык интеграциялашуу процессинде маанилүү багыттардан болуп саналат», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-февралда, 2017-жылкы жазгы-талаа жумуштарына даярдык маселеси каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Нурбек Мурашев маалымдагандай, ведомство тарабынан жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүүдө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча бардык аймактардын өзгөчөлүгү эске алынган.

Ошондой эле жер-жерлерде ыкчам штабдар түзүлүп, ЕАЭБ рыногуна багытталган айдоо аянттарынын жаңы структуралары иштелип чыккан.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жазгы-талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү маселелерин кароо – жаңы сапаттык деңгээлде ишке ашырылышы керек.

Өкмөт башчы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ата мекендик ишканаларда сырьёнун көлөмү канча жана мындан ары кайсы өлкөлөргө экспорттолушу боюнча так пландарды иштеп чыгууга милдеттүү экендигин айтты.

Премьер-министр Өкмөттүн агрардык тармакты өнүктүрүү жаатындагы саясаты ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна максималдуу түрдө чыгуу максатында гана эмес, башка рынокторду издөөгө да багытталышы кажет экендигине басым жасады

«Ар бир облустун алдында жаңы өндүрүштүк ишканаларды куруу жана ишке киргизүү боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлган. Агрардык сектордогу Өкмөттүн 2017-жылга карата башкы милдети – бул түшүмдүүлүктү, дүң жыйымды жогорулатуу жана айыл чарбасындагы кайра иштетилип чыккан продукцияларды экспорттоону кыйла көбөйтүү болуп саналат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана бул милдеттин ийгиликтүү ишке ашырылышы азык-түлүк коопсуздугун жана калктын жашоосун жакшыртууну камсыз кылууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.

[su_carousel source="media: 89767,89768" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү