12

Май

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эске албаганда, 2017-жылдын I кварталынын жыйынтыгында ИДП реалдуу өсүү темпи 3,9% түздү

Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эске албаганда, 2017-жылдын I кварталынын жыйынтыгында ИДП реалдуу өсүү темпи 3,9% түздү, 2016-жылдын ушул мезгилинде аналогдук көрсөткүч 0,5% түзгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында 2017-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын кароонун жүрүшүндө билдирди.

Өлкөдө 2017-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев баяндама жасады.

« 2017-жылдын январь-март айларында ички дүң продуктунун (мындан ары- ИДП) көлөмү 86,1 млрд сомду түздү. Инфляция орточо жылдык өлчөмү 101,5% түзүп, бул 2016-жылдын январь-март жана 2015-жылдын январь-мартында 101,2% түзгөн. Аны менен бирге эл аралык резервдин көлөмү 2017-жылдын 31-мартына чейин 1971,4 млн АКШ долл. түзүп, 2017-жылдын башынан тартып 2,3 млн АКШ долл. же 0,1% көбөйгөн. 2017-жылдын январь-февраль айларында физикалык тараптардан акча которуулар өсүп, которуу системасы аркылуу түшкөн каражаттар 253,4 млн АКШ долл түзгөн. Бул 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51,1% жогорулаган» - депт билдирди экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 2017-жылдын I кварталынын жыйынтыгында атамекендик экономиканын өсүү темпи жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду.

« Экономикалык өсүү темпин жылдын аягына чейин сактоо зарыл. Айрыкча аймактардын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Дал ушул максатта 2018-2022-жылдары аймактарды өнүктүрүүнүн Концепциясы иштелип чыгып, кабыл алынды. Анда пилоттук негизде 20 шаар «өнүгүү чекити» катары аныкталды.

Аны менен бирге ар бир облус район-шаарларды өнүктүрүүнү жалпы облустун өнүктүрүү сунушу менен биргеликте камтыган бизнес-планды иштеп чыгып, тез арада Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берүүсү керек», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков облустардын өнөржай тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасады.

«Аймактардагы көптөгөн өнөржай ишканалары артта калууда. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн алардын зарылдыгын жана модернизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгып, кайрадан өндүрүштүк кубаттуулугун карап чыгуу керек.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фонду жер-жерлерде өнөржайды өнүктүрүү долбоорлорун насыялоого даяр. Мунун эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкерелер менен активдүү иш алып барууну күчөтүп, долбоорлорду ишке ашырууга насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуусу зарыл», - деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өлкөнүн 2017-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселенин кароонун соңунда министрликтер менен ведомстволорго бир айлык мөөнөт ичинде кабыл алынган программалык документтерге, макулдашуу жана меморандумдардын аткарылышына жана эффективдүүлүгүнө инвентаризация жүргүзүү тапшырылды.

[su_carousel source="media: 94577,94579,94580" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93946,93887,93886,93885,93884,93883,93882,93881,93880,93879,93878,93877,93876,93875,93872,93871,93870,93869,93868,93867,93947,93972,93971,93970,93969,93968,93967,93965,93964,93963,93962,93961,93960,93959,93956,93955,93954,93953,93952,93950" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93945,93946,93947" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93826,93827,93828,93829,93830,93831,93832,93833,93834,93835,93836,93837,93838,93839,93840" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү