05

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан жана Кытайдын биргелешкен аракетинин натыйжасында мамлекеттер аралык кызматташуунун бекем пайдубалы түптөлдү

Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен аракетинин натыйжасында мамлекеттер аралык кызматташуунун бекем пайдубалы түптөлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцянга өлкөлөр аралык дипломатиялык мамиленин түзүлгөндүгүнүн 25-жылдык юбилейине карата куттуктоо телеграммасында айтылат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун телеграммасында белгиленгендей, Кытай алгачкылардан болуп Кыргызстандан көз карандысыздыгын таанып, дипломатиялык мамилени түптөгөн. Ошондон бери Кыргызстан менен Кытай саясат, экономика, маданий-гуманитардык багытта достук, ишенимдүү мамилени түзгөнгө жетишти. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында эки өлкө ортосунда бекем кызматташуунун пайдубалы түптөлдү.

«Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тарта Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык жактан маанилүү ири инфраструктуралык долбоорлорду кытай капиталынын катышуусу менен ишке ашырып, биздин өлкөгө көмөк көрсөтүп келе жатат. Өз ара урматтоо жана сый мамиле принциптерине негизделген эки тараптуу кызматташуу биздин мамлекеттердин жетекчилери ортосундагы макулдашууларды келечекте ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачуу менен катар динамикалуу түрдө өнүгө бере тургандыгына ишенем», - деп жазылат телеграммада.

Сооронбай Жээнбеков КЭР Мамлекекеттик кеңешинин Премьерине бекем ден-соолук, алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда –кажыбас кайрат, ал эми кытай элине тынчтык, бакубаттуулук жана өнүгүүнү каалады.

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын дипломатиялык мамилесинин түзүлгөндүгүнүн 25-жылдыгына карата жөнөтүлгөн телеграммасында Кытай Өкмөтүнүн, кытай элинин жана жеке өзүнүн атынан Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстан элине куттуктоосу менен катар жакшы каалоолорун билдирди.

«25 жылдан бери кыргыз-кытай мамилесинде сергек жана интенсивдүү өнүгүү тенденциясы сакталып келе жатат. Жогорку жана бийик деңгээлдеги тыгыз байланыштар ишке ашырылып, эки тараптуу саясий ишеним тереңдетилүүдө. Биргелешкен "бир алкак - бир жол" курулушу, өндүрүштүк кубаттуулуктар, коопсуздук, экономикалык жана гуманитардык жаатындагы кызматташуулар үзгүлтүксүз кеңейүүдө, бир катар ири биргелешкен кызматташтык долбоорлор ишке ашырылууда. Эки тарап тең БУУ, ШКУ сыяктуу жана башка ири көп тармактуу түзүмдүк уюмдар менен тыгыз иш алып барып, аймактарда биргелешкен өнүгүүнү колдоого салым кошууда. Кытай тарап эки тараптуу мамилелердин жетишкендигине толук канагаттанат», - деп жазылат телеграммада.

Ли Кэцяндын билдирүүсүндө айтылгандай, Кытай Өкмөтү кыргыз-кытай кызматташтыгынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруп, КЭР жана КР аралык дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 25-жылдыгынан пайдаланып, кыргыз-кытай мамилелерин стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы мазмуну менен үзгүлтүксүз толуктоого жана эки тараптуу кызматташтыкты алга жылдырууга даяр.

Ли Кэцян Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми өлкө элине бакубаттуулук жана ийгилик каалады.

[su_carousel source="media: 87846"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү