28

Апрель

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «Инвестицияларды тартуу жана экспортту алга жылдыруу боюнча бирдиктүү институт түзүлөт»

«ЕАЭБдин биздин өлкө үчүн экспорттук потенциалын жана мүмкүндүгүн толук пайдалануу, жаңы сатык рынокторун издөө жана ага чыгуу максатында Өкмөт Инвестицияларды тартуу жана экспортту алга жылдыруу боюнча бирдиктүү институтту түзөт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2015-жылкы Өкмөттүн аткарган иштери тууралуу отчеттук баяндамасында.

Ал белгилегендей, бул институт ар-бир экспортер менен иш алып барат.

«Өткөн жумада мен Казакстан менен чектешкен «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктуна бардым. Андагы реалдуу абал мамлекеттик органдар сүрөттөтөп жаткандагыдан айырмаланат. Унаалардын кезеги, инфраструктуранын тийиштүү деңгээлде эмес экендиги, чекара, бажы жана салык кызматтарынын иретсиз иши экспортерлор үчүн белгилүү тоскоолдуктарды жаратууда» — деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, көзөмөл-өткөрмө пункттарын тартипке келтирүү үчүн ар-бир пункт боюнча конкреттүү чаралар иштелип чыгат. Сооронбай Жээнбеков кошумчалагандай, кыргыз-казак чекара тилкелериндеги ветеринардык көзөмөлдү алып салуу жана Кыргыз Республикасы үчүн келечектүү тармактар боюнча бирдиктүү бажы тарифи боюнча алымдар тизимин кеңейтүү иши активдештирилет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү