27

Август

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтеринин башчыларына Москва шаарындагы өрт кырсыгы боюнча тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге жалпыга мааылмдоо  каражаттарында кабарланган Москва шаарында өрттүн кесепетинен кыргызстандыктардын каза болгондугу тууралуу маалымат боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды. Бүгүн Кыргызстандын жана Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында Москва шаарында басмакананын кампасында өрт чыгып, бир топ адам каза болгондугу тууралуу маалымат тараган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү