19

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдарга өлкөнүн ЕАЭБге интеграциясы маселеси боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  18-январда, Кыргыз Республикасы Евразиялык  экономикалык биримдиктеги пландары жана  келечектеги милдеттерин талкуулаган кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик органдарга өлкөнүн Евразиялык биримдиктеги интеграциясын тереңдетүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине калкка жана ишкердик чөйрөгө ЕАЭБге кирүүнүн жыйынтыктары, жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтарды берүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды. Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги жана Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен биргеликте  ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту жогорулатуу боюнча иш чаралардын планын иштеп чыгып, биримдиктин алкагында кооперациялык долбоорлор боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына  ветеринардык көзөмөлдү алуу үчүн  берилген тапшырмаларды аткарууну  тездетүү жана ветеринардык көзөмөлдү алып салуу максатындагы келечектеги кадамдар боюнча Өкмөткө сунуш киргизүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине  тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте статистикалык эсепке алууну жакшыртуунун методикасын иштеп чыгуу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине  тез арада Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда унификацияланган темир жол тарифин пайдалануу жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

[su_carousel source="media: 88564,88560"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү