25

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылдын аягына чейин Өкмөт мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону толук аягына чыгарууну пландоодо

2017-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону толук аягына чыгарууну пландоодо. Мындан тышкары, башкаруунун натыйжалуулугун, компаниянын каржылык ишмердүүлүгүн жакшыртуу, башкаруу органдарынын бонустар системасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу пландаштырылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде, 2016-жылдагы Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине отчет берип жатып билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоонун алкагында мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу иштери өткөрүлгөнүн белгиледи.

«Мамлекеттик менчикти башкаруу системасында башталган реформалардын алкагында мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштыруу жүргүзүлдү. 1130 мамлекеттик ишкананы анализдеп чыктык. Анын жыйынтыгы боюнча 2016-жылы 118 ишкана  жоюлду, 81 мекеме кайрадан түзүлдү жана 19 мамлекеттик ишкана башкаларга кошулду»,-деди Премьер-министр.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мамлекеттик башкарууну мындан ары жакшыртуу  боюнча иштерди атайын түзүлгөн Өкмөттүк комиссия туруктуу негизде алып  барат.

[su_carousel source="media: 93409" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү