10

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк – инфраструктуралык, социалдык жана аймактык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүү аспабы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорунун техника-экономикалык негиздемесин сапаттуу даярдоо максатында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду түзүлгөн, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-февралда, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча тегерек стөлдүн жүрүшүндө.

Өкмөт башчы белгилегендей, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк – бул  мамлекет менен жеке өнөктөштүн ортосундагы узак убакытка чейинки өз ара пайдалуу кызматташтык. Мындай кызматташуулар – долборлоо, каржылоо, курулуш, калыбына келтирүү, объекттерди реконструкциялоо боюнча, ошондой эле иштеп жаткан, же кайрадан жаңы түзүлгөн объекттерди башкаруу жаатында жүргүзүлөт.

«Өлкөнүн инвестицияга ыңгайлуулугун күчөтүү – Өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” программасында артыкчылыктуу багыттардын бири катарында каралган. Бул багытта мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлорду ишке киргизүү маанилүү инструменттен болуп саналат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамы кабыл алынгандан бери 24 долбоор  демилгеленген. Бирок ушул убакка чейин  алардын бирөө да ишке ашкан эмес», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Буга байланыштуу ал бул багыттагы иштерди  жандандыруунун жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдери аркылуу бизнес менен  узак мөөнөттүү кызматташууну киргизүү боюнча чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Азыркы  учурда  мамлекеттик жеке-өнөктөштүктүн механизмдерин – кичи ГЭСтерди курууга, шаарларда айрым кызматтарды көрсөтүүдө, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө, билим берүүдө, социалдык жактан жардам берүүдө активдүү колдонуу зарыл болуп турат», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик жеке-өнөктөштүктүн механизмдерин колдонуу менен ички инвестицияларга түрткү берүүнү   өлкө ичинде кеңири жайылтылышы тийиш. Өз кезегинде бул мамлекет менен жеке секторго  эки тараптуу пайда алып келүүгө шарт түзөт.

Премьер-министр белгилегендей, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамы боюнча берилген жеңилдиктер жана преференциялар жеке сектор үчүн кыйла жагымдуу. Анда финансылык да, экономикалык да мүнөздөгү мамлекеттик колдоонун ар кандай түрү - кепилдиктер, тарифтик субсидиялар, салыктарды, бажы төлөмдөрүн төлөөдө жеңилдиктер,  төлөө мөөнөтүн жылдыруу, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө укук берүү жана иш жүргүзүүгө өзгөчө укуктарды берүү каралган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, мамлекеттик администрация башчыларына – акимдерге жана шаарлардын мэрлерине мамлекет менен жеке сектордун  жер-жерлерде натыйжалуу аракеттенүүсү аркылуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу жолу менен мамлекеттик менчиктеги объекттердин натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Тегерек стөлдүн ишине министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик администрация башчылары – акимдер жана шаар мэрлери катышты.

[su_carousel source="media: 89807,89808,89809,89810,89811,89812,89813,89814,89815,89816,89817" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү