11
Февраль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Польшанын министрлер кеңешинин төрагасы Беате Шидло эки өлкө ортосундагы дипломатиялык кызматташуунун 25 жылдык юбилейине байланыштуу куттуктоо телег
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Польшанын министрлер кеңешинин төрагасы Беате Шидло эки өлкө ортосундагы дипломатиялык кызматташуунун 25 жылдык юбилейине байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты.
Сооронбай Жээнбековдун телеграммасында айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Польша менен достук жана өз ара кызматташууну өнүктүрүү мамилелерине эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын алкагында да чоң маани берет.
«Ишенем, биздин биргелешкен күч-аракеттер Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы бекем өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелердин мындан аркы принциптери гуманизм, демократия, толеранттуулук жана тең укуктуулуктун негизинде бекемделип тереңделишине ишенем», — деп белгиленет телеграммада.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Польшанын министрлер кеңешинин төрагасы Беате Шидлого бекем ден-соолук, бакыт ал эми достук мамиледеги Польшага– тынчтык жана өнүгүү каалады.
Өз кезегинде Польшанын министрлер кеңешинин төрагасы Беате Шидло куттуктоо телеграммасында эки өлкө ортосундагы мамиле абдан жакшырып келатканын баса белгиледи.
«Польша эки өлкө ортосундагы экономикалык байланышты өнүктүрүүгө чоң маани берет. Биз бул багытта колдонула элек чоң демилгелерге ээбиз», — деп айтылат куттуктоодо.
Польшанын министрлер кеңешинин төрагасы Беате Шидло Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жана жалпы кыргызстандыктарга ийгилик, Кыргыз Республикасынын экономикасынын динамикалуу өнүгүүсүнө жетишкендиктерди каалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү