14

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Айкөл Манастын ысмы эли-журттун биримдиги менен тыгыз байланыштуу

«Айкөл Манастын ысмы эң ириде эли-журттун биримдиги жана ынтымагы менен тыгыз байланыштуу. Манас эпосунун негизги идеяларынын бири – элдердин достугу жана коомдун ыймандуулугу.

Ыйман – ар кандай коомдун адилеттүү болушуна негизги шарт болуп эсептелет. Адилеттүү коомдо гана туруктуу өнүгүү орун алат», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Манастын» эстелигинин ачылыш салтанатында.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстанда ар-кыл этнос өкүлдөрү катарлаш жашап келүүдө. Кыргыз элинин рухий мурасстарында элдер ортосундагы биримдик жана ынтымак мамлекеттүүлүктүн башкы байлыгы болуп саналат.

«Элүүгө жакын улуттун өкүлдөрү жашаган Кызыл-Кыя шаарында кыргыздар менен катарлаш жашаган бир тууган элдердин тагдырлары бир болгон. Айтылуу Кызыл-Кыя шаарында Айкөл Манастын айкелин орнотуу менен Сиздер көпчүлүктүн көөнүн агартар жалпы элдик жакшы саамалыкты баштап жатасыздар. Манасты ыйык тутканыңыздар үчүн мен сиздерге чын дилимден терең ыраазычылыгымды билдирем. Айкөл Манас атабыз – баатыр гана эмес, Кыргыз мамлекетинин элдеринин биримдигинин, ынтымагынын жаркын символу жана руханий колдоочусу болуп келген», - деп белгиледи Премьер-министр.

Сооронбай Жээнбеков «Манас» эпосу кыргыз элинин кайталангыс жана көөнөрбөс адабий мурасы экендигин белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле 2017-жыл Президенттин Жарлыгы менен “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялангандыгын эскертип кетти.

«Өткөн Тарых жана маданият жылында абдан зор иштер жасалды, ири ийгиликтерге жетиштик. Үстүбүздөгү жылы да коомдун ынтымагын, биримдигин чыӊдаган, ыйманын байыткан, маданиятын өстүргөн жакшы жетишкендиктер болот деп ишенебиз», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Кыргыз Өкмөтүнүн негизги милдеттеринин катарына Кыргызстан элдеринин жалпы руханий кайра жаралышына, мындан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү, ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу,  улуттук жана тарыхый каада-салттарды сактоо кирерин белгиледи.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, купрулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана шаар тургундары катышты.

[su_carousel source="media: 88253,88254,88255,88257,88258,88259,88260,88261"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү