15

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештер институту мамлекеттик башкаруу тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп калды

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештер институту мамлекеттик башкаруу тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп калды», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-декабрда, «Бийликтин жана коомдук кеңештердин 2016-жылкы өз-ара аракеттешүүсүнө баа берүү» жыйынында.

Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, коомдогу демократиялык принциптердин өнүгүүсү жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусуна карай укугун жана ролун кеңейтти.

«Активдүү жарандык сектор мамлекеттик институттарды чыңдоо ишинде, алардын ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоодо өз ордун тапты. Мына ушулардын бардыгы бизге жакшы тажрыйбага ээ болууга мүмкүндүк берди. Азыркы учурда жарандык коомдун 300гө жакын өкүлдөрү 35 мамлекеттик органдын алдындагы коомдук кеңештердин мүчөлөрү болуп эсептелет», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Акыркы жылдардын тажрыйбасы коомдук кеңештер системасын өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн жогорку актуалдуулугун көрсөттү.

«Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан, жарандык демилгелерди талкуулоо, алга илгерилетүү боюнча иштерди сактоо жана улантуу маанилүү. Коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын жетекчилеринин тең укуктуу өнөктөштөрү жана жардамчылары болушу керек. Бирок мамлекеттик органдар менен коомдук кеңештердин өз ара карым-катнашында дагы эле бир топ көйгөйлөр бар. Айрым учурларда биргелешип иштешмек түгүл, тескерисинче, алардын ачык эле тирешүүлөрү болуп жатат. Бардык эле коомдук кеңештер өзүнүн ишинин натыйжалуулугун көрсөтө алышпайт, пландык кеңешмелерин өткөрүшпөйт, ал эми айрымдары дагы эле толугу менен калыптанып бүткөн эмес. Сиздер өз ишмердүүлүгүңүздөрдүн ачыктыгы боюнча үлгү болуп беришиңиздер керек», - деп белгиледи Премьер-министр.

Ал билдиргендей, бул маселеде Коомдук кеңештердин ишинде так жана бирдиктүү стандарттар керек болуп турат. Анын негизинде алардын жоболору, курамынын түзүлүш тартиби жана ишмердүүлүгү жөнгө салынат. Мындан тышкары, Коомдук кеңештердин вебсайттарын дайыма актуалдаштырып туруу зарыл.

«Топтолгон тажрыйбаларды эске алсак, коомдук кеңештер тууралуу мыйзамдар дайыма өркүндөтүп турууга муктаж. Бул процессте мамлекеттик органдар өздөрү алдыңкы ролду ойношу абзел. Коомчулукка жүздү буруп, биргелешкен иш үчүн бирдиктүү жоопкерчилик алууга убакыт келип жетти. Ушуга байланыштуу, бүгүнкү конференцияда мен коммуникацияларды өркүндөтүү боюнча өзүңөрдүн сунуштарыңарды киргизүүнү, сиздердин өз ара аракеттенүү принциптериңерди жана алардын мүнөзүн кайра карап чыгууну, ошондой эле ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу идеясын сунуштайм. Сиздер кабыл алган бардык чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан колдоого алынары шексиз», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министрдин айтымында, мамлекеттик органдардын ишине байланышкан коомдогу эң актуалдуу жана талкууга алынган темалар катары кадр саясаты, мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар эсептелет. Буга байланыштуу Премьер-министр аталган маселелердин мониторинги коомдук кеңештердин ишинин артыкчылыктуу багыты катары каралышы тийиштигин белгиледи.

«Сиздер түзүлгөн кырдаалды керектөөчүлөр катары кабылдап, катардагы жарандар туш болуп жаткан проблемаларды көрө билишиңер керек. Сын биринчи кезекте конструктивдүү болууга тийиш. Коомдук кеңештер мамлекеттик органдын ишин сындоо жагындагы эле эмес, өзүңөрдүн күч-аракетиңерди топтоштуруп, мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу үчүн түзүлгөн проблемаларды чечүүнүн механизмдерин жана жолун сунушташыңар керек деп ойлойм. Өз кезегинде мамлекеттик органдардын жетекчилери Коомдук кеңештердин бардык сунуштарына көңүл бурууга милдеттүү. Кеңештин конструктивдүү сунуштарына өз убагында  көңүл буруу – көйгөйлөр чыккандан кийин гана чечип калбастан, тескерисинче, көйгөйлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет. Коомдук кеңештер менен биргелешип иштешүү – мамлекеттик органдардын ишин баалоонун критерийлеринин бири болуп саналат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Соңунда Өкмөт башчы мындай иш-чаралар жарандык коомдун өкүлдөрү менен мамлекеттик органдардын биргелешип иштөөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берерине ишеним билдирди. «Биз үчүн бириктирүүчү башкы фактор катары заманбап мамлекеттин демократиялык принциптеринин бири болгон жарандардын мамлекеттик иштерди башкарууга катышуусун сактоосу жана ишке ашыруусу эсептелет. Биздин максат – демократиялык коомду курууда натыйжалуу өнөктөштүк түзүү», - деп жыйынтыктады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

[su_carousel source="media: 86751,86752,86753,86754,86755,86756,86757,86758,86759,86760"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү