18
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген “Ишеним жана биримдик” прогрммасы 90%га аткарылды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген “Ишеним жана биримдик” программасы 90%га аткарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциялардын көпчүлүк коалициясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун кароо учурунда билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстанда ар түрдүү сектордук жана тармактык стратегиялык документтер ишке ашырылып жатат. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы мамлекеттик программалар 78,1%га аткарылды.
Сооронбай Жээнбековдун айтымында, калктын ишеним индекси 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 27,8 баллды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 5,8 баллга жогору болду. Ал эми проценттик көрсөткүчү 63,9%ды түздү.
Премьер-министр Кыргызстандын эл аралык рейтингдеги ээлеген ордун белгиледи. Коррупцияны кабылдоо индекси боюнча – дүйнөдө 136-орунд, 2015-жылга салыштырмалуу 13 позицияга чегинген. Бирок бул артка жылуу – индекске кошумча 9 өлкөнүн кошулушу менен шартталган. Аталган индекс боюнча Кыргызстандын позициясы өзгөрүүсүз калган, же 28 баллга ээ болгон боюнча турат. Экономикалык эркиндик индекси боюнча – Кыргызстан 89-орунду ээлеп, бул көрсөткүч 7 позицияга жакшырган. “Бизнести жүргүзүү” («Doing Business») индекси боюнча – 75-орунда. Бул көрсөткүч боюнча 2 позицияга төмөндөгөн. Мунун башкы себеби – рейтингде өлчөө методологиясынын жана өлкөлөрдүн санынын өзгөрүшүнө байланыштуу болгон. Бирок Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу өз көрсөткүчтөрүн жакшырта алган. Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча – 111-орунда, 9 позицияга чегинген. Бул рейтингдеги Кыргызстандын чегинген позициясы негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык түшүүлөргө жана каатчылыктарга байланыштуу болгон.
Социалдык прогресс индекси боюнча – 79-орунда,14 позицияга көтөрүлгөн. Басма-сөз эркиндиги индекси боюнча – 85-орунда, 3 позицияга жогорулаган. Өркүндөө индекси боюнча – өткөн жылдагыдай эле 77-орунда.
Өкмөт башчы билдиргендей, Кыргызстандын эл аралык рейтингдеги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында негизги багыттар боюнча өзүнчө Иш-аракеттер Планы бекитилген. Мунун ичинде бизнестин электр энергиясына кошулушу, салык салуу, контракттардын аткарылышын камсыздоо жана төлөй албай калуу жөндөмдүүлүгүн чечүү багыттары бар.
“Эл аралык рейтингдер боюнча Кыргызстандын жалпысынан интеграцияланган позициясы 2016-жылы 42,2%ды түздү, бул 2015-жылга салыштырмалуу 0,2%га көтөрүлгөн. Демек, жаңы форматка ылайык Өкмөттүн 2016-жылдагы ишинин Интегралдык көрсөткүчү 46,9%ды түздү”, - деди Сооронбай Жээнбеков.
[su_carousel source="media: 92983,92967" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү